Климат жана тоолор. Бишкекте эл аралык конференция өткөрүү демилгеси талкууланды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова менен Борбордук Азиянын Регионалдык экологиялык борборунун (БАРЭБ) аткаруучу директору Батыр Мамедов жолугушту.
Жолугушууда тараптар Климаттын өзгөрүшү боюнча Борбордук Азия конференциясына (КӨБАК) даярдык көрүү жана аны 2027-жылы өткөрүү маселелерин талкуулашты.
Тараптар КӨБАК-2027 конференциясын 2027-жылы Бишкек шаарында өтө турган Дүйнөлүк тоо саммитинин алкагында өткөрүү мүмкүнчүлүгүн өзгөчө талкуулашты.
БАРЭБ өкүлдөрү климаттык жана экологиялык багыттагы ири эл аралык иш-чараларды уюштурууда олуттуу тажрыйбага ээ экенин белгилеп, конференцияны даярдоо иштерине ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар климаттын өзгөрүшү жана тоолордун туруктуу өнүгүүсү багытындагы эл аралык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча кызматташууну улантууга, ошондой эле өз ара аракеттерди координациялоону күчөтүүгө кызыкдар экенин ырасташты.