Климаттык туруктуулук үчүн токойлорду калыбына келтирүү башталды

20-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 141

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө токойлорду калыбына келтирүүгө багытталган 112 миллион сомдон ашык гранттык келишимдерге кол коюлганын билдирди.

Маалыматка ылайык, келишимдер Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү тарабынан “Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу  АДАПТ” долбоорунун алкагында түзүлдү. Долбоордун негизги максаты  токой экосистемаларын калыбына келтирүү жана климаттык туруктуулукту жогорулатуу.

Анын алкагында өлкөдөгү 18 токой чарбасы менен кызматташуу тууралуу келишимдер түзүлүп, жалпысынан 2500 гектар аянтта токой өстүрүү жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Министрликтин маалыматына караганда, бул ири масштабдагы демилге экологиялык туруктуулукту камсыздоого, климаттык тобокелдиктерди азайтууга жана келечек муундар үчүн жашыл мурас калтырууга багытталган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X