КМШ өлкөлөрүнүн инженердик аскерлеринин өкүлдөрү Кыргызстандын аскер бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты
2026-жылдын 25-июнунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышуучу мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы инженердик камсыздоо маселелери боюнча Координациялык комитеттин жыйынынын алкагында КМШга мүчө мамлекеттердин инженердик аскерлеринин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 02626 жана 01695 аскер бөлүктөрүнө иш сапары менен барышты.
Иш сапардын жүрүшүндө делегациянын мүчөлөрү 02626 аскер бөлүгүнүн инженердик бөлүмүнүн кызматын уюштуруу, анын материалдык-техникалык камсыздалышы жана инженердик камсыздоо боюнча тапшырмаларды аткарууда колдонулуп жаткан заманбап инженердик жабдуулар менен атайын техникалык каражаттардын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Ошондой эле инженердик бөлүктөрдүн күнүмдүк ишмердүүлүгү жана алардын күжүрмөн даярдыкты камсыздоодогу ролу тууралуу маалымат алышты.
Андан соң делегация 01695 аскер бөлүгүнүн оңдоо-калыбына келтирүү базасына барып, анда курал-жарактарды, аскердик жана атайын техникаларды техникалык тейлөө, оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты. Конокторго оңдоо иштеринде колдонулган заманбап технологиялар жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн жогорку күжүрмөн даярдыгын камсыздоого багытталган оңдоо-калыбына келтирүү тутумунун өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.
Иш-чаранын соңунда 02626 аскер бөлүгүнүн аймагында өткөрүлүп жаткан инженердик окуу-жыйындардын катышуучуларын сыйлоо аземи уюштурулду. Өз кызматында өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларына сыйлыктарды Координациялык комитеттин жыйынынын төрагасы, Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн инженердик аскерлеринин начальниги, генерал-лейтенант Юрий Ставицкий жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Күжүрмөн камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, полковник Билим Асанбеков тапшырышты.
Куттуктоо сөзүндө генерал-лейтенант Юрий Ставицкий инженердик окуу-жыйындардын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, катышуучулардын кесипкөйлүгүн жана практикалык даярдыгын жогору баалады. Өз кезегинде полковник Билим Асанбеков мындай иш-чаралар инженердик аскерлердин күжүрмөн мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга, адистердин тажрыйба алмашуусуна жана мамлекеттер аралык аскердик кызматташтыкты чыңдоого олуттуу салым кошорун белгиледи.
Салтанаттын жүрүшүндө кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарган аскер кызматчылары ведомстволук медалдар жана сыйлыктар менен сыйланышты. Аларга мындан аркы кызматында ийгиликтер, бекем ден соолук жана жаңы жетишкендиктер кааланды.
Өткөрүлгөн иш-чара Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин инженердик камсыздоо тармагындагы өз ара кызматташтыгын өнүктүрүүгө, ошондой эле инженердик аскерлердин өкүлдөрүнүн ортосундагы кесиптик байланыштарды жана тажрыйба алмашууну мындан ары да бекемдөөгө багытталган дагы бир маанилүү кадам болду.