“Көч жолу” экспедициясы. Ош шаарынан Алтайга 30 күндүк эл аралык сапар башталды
2026-жылдын 10-июнунда Ош шаарынан “Көч жолу” аттуу эл аралык автоэкспедиция расмий түрдө старт алды. Бул демилге Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен ишке ашырылып, ага беш саякатчы жигит катышууда.
Экспедициянын маршруту Ош – Алматы – Талдыкоргон – Семей – Барнаул – Тоолуу Алтай – Монголия багыттарын камтып, жалпы 30 күнгө созулат.

Демилгенин негизги максаты Улуу Көч жолунун тарыхый-маданий мурастарын изилдөө, боордош элдердин ортосундагы достукту чыңдоо жана ички туризмди өнүктүрүүгө салым кошуу.
Саякатчылар жол жүрүшүндө табигый кооз аймактарды, тарыхый эстеликтерди кыдырып, жергиликтүү элдин жашоо-тиричилиги жана каада-салттары менен таанышышат. Экспедициянын жүрүшү социалдык тармактар аркылуу үзгүлтүксүз чагылдырылып турат.