Кочкор-Атада 25 млн долларлык мунайды кайра иштетүүчү завод курулат

21-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 104

Министрлер кабинети менен «Борбор Азия энергетикасы» ЖЧКсы Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында мунайды кайра иштетүүчү заводду куруу жана иштетүү боюнча инвестициялык келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Документке экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана компаниянын башкы директору Шао Пейпей кол койду.

Долбоордун жалпы инвестициясы 25 млн АКШ долларын түзөт. Завод жылына 450 миң тонна мунай продуктуларын кайра иштетүүгө жөндөмдүү болуп, 300дөн кем эмес жаңы жумуш орду түзүлөт. Ишканадагы кызматкерлердин кеминде 90 пайызы Кыргызстандын жарандары болот.

Ишканада К-5 жана К-6 экологиялык класстагы бензин жана дизелдик отун, ошондой эле битум жана мотор майлары өндүрүлөт.

Министрликтин маалыматына ылайык, курулуш иштери жүрүп жатат. Долбоордун биринчи этабын 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

21-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 104
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X