Кочкор-Атада селдин кесепеттерин жоюу иштери түн ичинде да уланууда

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 116

Кочкор-Ата шаарында селдин кесепеттерин жоюу жана аймактарды тазалоо иштери түн ичинде да уланууда.

ӨКМдин маалыматына ылайык, саат 22:10го карата иштер Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилиги алдында жүргүзүлүүдө.

Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюуга 113 адам, 15 инженердик техника жана 10 мотопомпа тартылган.

Тазалоо жана калыбына келтирүү иштери улантылып, кырдаал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көзөмөлүндө.

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 116
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X