Кочкор районунда 21 социалдык жана инфраструктуралык объект курулууда
Нарын облусунун Кочкор районунда жалпы 21 жаңы социалдык жана инфраструктуралык объекттин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев курулуштардын жүрүшү менен жеринен таанышты.
Учурда Кочкор айылында жаңы автобекет, стадион жана башка социалдык объектилер курулуп жатат. Мындан тышкары райондогу сегиз объектте капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Иш сапарынын жүрүшүндө курулуштардын сапатына жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп, жооптуу жетекчилерге тиешелүү тапшырмалар берилди.