Кочкор районунда эки кабаттуу заманбап автобекет курулууда
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Нарын облусунун Кочкор районунда жалпы аянты 14 469 чарчы метрди түзгөн жаңы автобекеттин курулушу жүргүзүлүүдө.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 395 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын январь айында башталган.
Архитектуралык долбоорго ылайык, эки кабаттуу автобекет заманбап үлгүдө курулууда. Имаратта жүргүнчүлөр үчүн күтүү залы, административдик бөлмөлөр жана экинчи кабатында мейманкана жайгаштыруу каралган.
Учурда негизги курулуш иштери дээрлик аяктап, алдыда автобекеттин аймагына асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт.
Объекттеги курулуш иштеринин жүрүшү Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлгө алынган.