Кочкор районундагы табигый кырсыктан 8 миллион сомдон ашык чыгым эсептелди
Нарын облусунун Кочкор районунда катуу жаандан жана селден кийин келтирилген чыгымдарды эсептөө иштери уланууда. Алдын ала маалымат боюнча, табигый кырсыктан жалпы 8 млн 260 миң сомдук зыян катталган.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн аймагында бир нече өзгөчө кырдаал катталган. Ошондой эле Көл-Үкөк жайлоосунда малчыга таандык 13 кой-эчки дайынсыз жоголгон.
Сары-Булак айылында сел суулары турак үйдү жана чарбалык курулушту каптаган. Комиссиянын баалоосуна ылайык, үй ээсине 500 миң сом өлчөмүндө чыгым келген.
Белгилей кетсек, 1-июлдан 5-июлга чейин жааган нөшөрлүү жаандан улам Кара-Саз айылында жана Исакеев айылынын Көл-Үкөк жайлоосунда тогуз көпүрө бузулган. Аталган көпүрөлөр жайыттарга, айдоо жерлерине жана чарбалык объектилерге каттамды камсыздап келген.
Мындан тышкары, Семиз-Бел айылында узундугу 20-25 метр болгон сугат лотогунун бөлүгү жараксыз абалга келген. Учурда чыгымды тактоо жана калыбына келтирүү иштерине даярдык көрүлүүдө.