Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Баялы Досалиев: “6 миллиард сомдук кылымдын курулуштары жүрүүдө…”
Апта башында Нарын облусунун дарбазасы атыккан Кочкор районуна, андан ары Жумгал жергесине атайын иш сапар менен барып, жергиликтүү көйгөйлөр, аймактагы айрым жетишкендиктер менен жымың эткен жылыштарды жеринде көрүп кайттым. Алардын баарын алдыда гезит бетине четинен берип турмакчымын. Азырынча журналисттик ыңгай менен ушунча барган соң район жетекчиси менен азын-оолак баарлаштым.
— Баялы Атамырзаевич, өткөн жылы дал ушул Кочкор районуна мамлекет жетекчилигинин тапшырмасы астында, социалдык имараттардын курулуштары менен капиталдык оңдоп-түзөөлөрүнө “старт” берилген. Учурда андагы тапшырмалар канчалык деңгээлде аткарылууда?
— Өткөн жылдын күз айларында урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин турукташтыруу фондунун эсебинен биздин Кочкор районунда 1 миллиард 50 миллион сомдук курулуш иштери башталган. Учурда пландалган 5 имаратта тең (оорукана, Н.Абдыкалыков атындагы бокс залы, район борборундагы чоң стадиондун реконструкциясы, Көк-Жар айылындагы бала бакчанын курулушу, күрөш залы) бардык курулуш иштери тиешелүү талаптарга жооп берген шартта өз нугунда жүрүүдө. Акча каражаттары өз убагында которулгандыктан, керектүү каржыбыз жетиштүү. Курулуп жаткан курулуштардан район жетекчиси катары күн сайын жеке өзүм кабардар болуп жатам. Булардын ичинен бир гана оорукананын курулушу белгиленген мөөнөтүнөн бир аз кечигип калышы мүмкүн. Себеби, жер алдынан суу чыгып, айрым курулуш талаптарын аткарыш үчүн убакыт керектелүүдө. Калган имараттардын курулушу өз убагында бүтмөкчү. Райондогу мындай иштердин бардыгы Курулуш министрлигине караштуу техникалык көзөмөлдөө органдары тарабынан ар жумада текшерилүүдө. Биздин райондогу жогорудагы мен белгилеген иштер Президентибиз Садыр Нургожоевичтин турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланып жаткандыктан, көзөмөл да ошончолук күчтүү, талап жогору экенин баса белгилеп кете алам. Биздин район өлкөбүздүн башка аймактарына салыштырмалуу жаратылыш шарты катаал болгондуктан курулуш иштери март айында гана башталууда. Ага чейин баары токтоп турган.
— Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгынын ичинде Кочкор районунда бүгүнкүдөй курулуш иштери болгону эсимде жок. Болсо да балким менин эсимде сакталбаса керек. Сиз артка кылчайып, райондун тарыхына көз чаптырып көрдүңүзбү? Бүгүнкүдөй кош курулуштар бир мезгилде жүз бериптирби?
— Жогоруда мисал келтиргенимдей, Кочкор районунда Президентибиздин турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланган 1 миллиард 50 миллион сомдук иштерден тышкары, мамлекеттик казынанын эсебинен 5 миллиард сом өлчөмүндө, жалпы 6 миллиарддан ашуун каражат жумшалчу курулуш иштери жүрүүдө. Мен өмүр бою каржы системасында иштеген адис катары айтайынчы, мындай чоң каражат жумшалчу иштер бир гана Кочкор районунда эмес, бүгүн өлкөбүздүн бүтүн аймагында бирдей ыргакта күжүлдөгөн тейде жүрүүдө. Ушу тапта районубуздун борборунда мамлекеттик ипотекалык компаниянын 5 кабаттуу 8 үйү (жалпы 212 батир) курулууда. Кочкордогу көпчүлүк имараттардын курулушу эгемендүүлүк майрамын утурлай бүтөт деген пландарыбыз бар. Биздин аймактан өткөн, учурда кылымдын ачылышына тете айланган Балыкчы–Кочкор–Кара-Кече темир жолунун курулушу станциясы менен биргеликте 31-август ири майрамыбыздын урматына ачыларын күтүп жатабыз. Шамшы айылындагы быйылкы жылы бүтөрү пландалган 13 миллион долларлык суу топтоочу жайыбыздын курулушу эмне деген баага татыйт? Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, МАИнин райондук бөлүмдөрүнүн административдик имараттарынын курулушу жүрүүдө. Быйыл райондогу ички жолдордун жалпы 40 чакырымына асфальт басылганы турат. Мындай иштер буга чейин жүрдү беле же жокпу ал жагына карапайым элибиз калыс болсун! Мен тек гана биздин өрөөндөгү жүз берип жаткан иштердин эң ирилерин алдыңарга жарыя кылдым. Майда-барат жасалып жаткан иштер мындан да көп…
Калыгул Бейшекеев