Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Баялы Досалиев: “КОЧКОРДО КЫШКА ДАЯРДЫК КҮЧҮНДӨ”

16-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 94

Алдыдагы кыш камылгасы, Элдик Курултайга карата даярдык аймактарда кандай жүрүүдө? Мындай соболдорубуз менен биз бул сапар Кочкор районунун жетекчиси Баялы Атамырзаевичти азын-оолак кепке тарттык.

— Баялы мырза, ушу тапта райондун аймагында жолбун ит-куш, карышкыр-чөөлөргө массалык аңчылык жүрүп жатканынан кабардар болдук. Айтыңызчы, мергенчилердин ок-дарысы менен алардын эмгек акыларына талаптагыдай каражат бөлдүңүздөр беле?

— Ооба, бул боюнча райондук мамлекеттик администрациядан атайын буйрук чыгардык. Райондун аймагындагы жолбун иттерди, чөө-карышкырларды атуу, мергенчилерге сый акы боюнча ар бир айыл өкмөттөрдөн каржылык каражат каралган. Эң ириде каражат болбосо болбойт. Иш жүрбөйт. Райондун элинин караганы жалгыз төрт түлүк малы болсо, аны да өчөшкөнсүп ит-кушу, кашабаң баштаган жырткычтары колдон талашып турушса, кандай болот? “Мал ачуу – жан ачуу” дейт кыргыз. Район жетекчиси катары менин ишимдеги бирден-бир артыкчылыктуу багыттар – аймактагы элдин мал-жанын төрт аяктуу жырткычтардан гана эмес, “эки аяктуу” “жырткычтардан” да коргоо болуп эсептелет. Андыктан, Кочкордогу мергенчиликке ышкыбоздордун жырткычтарды атуу боюнча иштери, аларга каражат бөлүп берүү боюнча райондук атайын түзүлгөн комиссия иш алып барат. Комиссиянын ишин орун басарым көзөмөлдөп жатат.

— Элдик Курултайга даярдыкчы? Камылга жакшы элеби?

— IV Элдик Курултайга Кочкор районуна бөлүнгөн квотага ылайык 10 делегат шайланышы абзел. Учурда бул жаатта календардык иш графикке ылайык бардык айыл аймактарда өкүлчүлүктүү жыйындар толугу менен өткөрүлүп, кеңештин токтомдору кабыл алынды. Делегаттарды шайлоо, жалпы камылга жакшы деп айта алам.

— Райондогу кышка камылганын жыйынтыгы кандай? Бул жагынан кемчиликтер азыр байкалбай элеби?

— Учурда райондогу социалдык имараттардын бардыгы көмүр менен толук кандуу камсыз болушту. Жакында айрым кемчиликтердин бардыгын жойдук. “Кара алтынды” элге сатуу боюнча (бекитилген баа менен) 11 көмүр сатуу базалары уюштурулду. Мындан сырткары айыл өкмөттөрдүн эсеби менен да алыскы айылдарга көмүрдү жеткирүү ыкмалары колдонулуп жатат. Ал эми жергиликтүү элге көмүр сатуу иштери активдүү жүрүүдө.

Калыгул Бейшекеев

16-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 94
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X