"Эркин-Тоо"

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Камил ЧОТКАРАЕВ: “Кочкордун картошкасы ички базарда бренд болууда…”

Камил мырза, республикалык маанидеги шаар мэрлигин мелжеп, бул жааттагы атайын кадрлар резервине турганы менен ооматы кар жатпас кара Кочкор аймагын башкарууга оогон экен. Учурда ротация саясатынын эпкини менен тоолуу аймактагы эң ири районду башкарып жаткан аким менен кеңири маанайда баарлаштык.

— Камил мырза, райондун гана борбору эмес, жалпы Нарын облусунун дарбазасы атыккан Кочкор айылына аймак ичиндеги айылдардан, алтургай облус ичинен бери эл агылып, натыйжада кар жатпас өрөөндүн борбору ички миграцияны көтөрө албай бараткан жокпу?..

— Чынында жумушсуздуктун айынан ички, тышкы миграцияга чыгып кеткен жарандарыбыз (алардын ичинде басымдуу бөлүгү жаштар) көп болчу. Соңку эки жылдан бери миграцияга кетишкен жаштардын көпчүлүгү кичи мекенине кайтып келишүүдө. Анткени, районубузда чакан бизнеске, айыл чарбасына мамлекет тарабынан жакшы көңүл бөлүнүп, арзан пайыз менен насыялар берилип, жарандарыбыз мал чарбачылыгы, жер айдоо, чакан ишканаларды ачуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгышууда. Мунун арты менен кошумча жумуш орундары пайда болуп, жумушсуздук азайууда. Мамлекет тарабынан Министрлер Кабинетинин №385 токтомуна ылайык, жакырчылыктан чыгаруу боюнча социалдык келишим программасы ишке ашырылып, учурда көптөгөн үй-бүлөлөр чакан ишкерлик менен алектенишип, жакшы жыйынтык берип жатат. Аныгында Кочкор районунда жашоосу катаал аймактар жок экендигин билдирем. Облус ичинен Кочкор районуна ички миграцияга келип, каттоого алынган жарандар жок. Кочкор району боюнча мигрант үй-бүлөлөрдүн жалпы саны 677, анын ичинен ички мигрант үй-бүлөлөрдүн саны 385, тышкы мигрант үй-бүлөлөрдүн саны 292.

— Кочкор айылы Теңир-Тоонун дарбазасы болгонгобу, Нарын облусуна келген эс алуучулардын бардыгы ушул аймак аркылуу өтүшөт. Туризм темасы, алыс-жакындан келишкен эс алуучулар үчүн каралган шарттар, алардан түшкөн каражаттар боюнча эмне айтмакчысыз?..

— 2024-жылдын жайкы туристтик мезгилин ийгиликтүү уюштуруп өткөрүү, жер-жерлерде тазалыкты сактоо, жергиликтүү тургундардын экологиялык, адеп-ахлактык маданиятын жогорулатуу, райондун аймагына келген чет элдик эс алуучуларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын, сервисти жакшыртуу иш аракеттерин көрүү, негизги жол каттамдарынын боюндагы туристтер көп токтогон Сары-Булак айылындагы, Соң-Көл жайлоосундагы, Көл-Үкөк ж.б. боз үй лагерлердин көркү оңдолуп, бирдей типке келтирилип, тамак-аш сатылуучу жайлардын санитардык абалын көзөмөлгө алуу, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамды жетекчиликке алып, айыл аймактардагы тиешелүү органдар менен бирге илимий дөөлөткө жана маданият эстеликтери статусуна ээ болгон тарыхый-маданий мурас жайлардын корголушун, сакталып калышы үчүн иштерди күчөтүүдөбүз. Учурда Кочкор районунда туристтерди кабыл алуу жана кызмат көрсөтүү боюнча 15тен ашык туристтик фирма, 26 конок үйлөр иш алып барышып, жыл сайын Көл-Үкөк жана Соң-Көл жайлоосунун Батай-Арал тилкелерине боз үйлөр тигилип, ички жана сырткы туристтерди кабыл алышууда. Көл-Үкөк жайлоосуна чет элдик жана ички туристтердин келиши жогорулаганы эске алынып, 2023-жылдын июнь айында Көл-Үкөк көлүнө бара турган 17 км жолду сүрдүрүп, кеңейтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен туристтер үчүн унаа менен көлдүн жээгине чейин барганга шарт түзүлдү. Теңир-Тоонун дарбазасы болуп, Нарын облусуна келген эс алуучулардын бардыгы биздин район аркылуу өткөндүктөн, Кочкор айылынын борборунда туристтик сервистик борборлору иш алып барышып,  ага катарлаш Кочкор кол өнөрчүлөрүнүн эмгектерин сатуу үчүн “Алтын кол” аттуу дүкөн ишке кирип, чет өлкөлүк туристтердин кызыгуусун арттырган улуттук сувенирлер сатылууда.

— Районго кирген-чыккан чет элдик эс алуучулардын официалдуу эсеп-кысабы барбы?

— Статистика боюнча, 2023-жылдын 12 айында Кочкор районуна жалпы 16909 турист келген, мунун ичинен сырттан келген туристтер 4249, ички туристтер 12660 адамды түздү.

— Өңчөй хандар-бектер чыккан касиеттүү кара Кочкор аймагын башкаруу ар кимдин эле шыбагасына туш келе бербейт. Кар жатпас өрөөндүн “эки тизгини” колуңузда турганда, аймак үчүн эсте калаарлык артыңызга кандай чыйыр салып кетсем дейсиз?

Президентибиз Жапаров Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасынын негизинде 2022-жылдан бери өлкө боюнча акимдерди ротациялоо саясаты ишке ашып, натыйжада өз жемишин берүүдө. Анын негизинде аймактарда социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн белгилери пайда болуп, элдин бийликке болгон ишеничи артууда. Мен дагы ошол саясаттын негизинде буйрук экен Кочкор районуна аким болуп дайындалдым. Кочкор району Нарын облусунун босогосу, түндүк-түштүк альтернативдик жолдун боюнда жайгашкан, географиялык жактан караганда ыңгайлуу жерде жайгашкан. Район тоолуу, климаттык шарты катаал аймактардын катарына кирет. Негизинен эли айыл чарбасы жана мал чарбачылык менен алектенет. Райондун шартына ылайык социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө негизги 5 тармакка басым жасоо керек деп ойлойм. Алардын ар бирине токтолсом, узун сабак кеп болуп кетет. Андыктан, баарына токтолуп, майдаланбайын…

— Кочкордон чыккан туз өлкө ичинде “бренд” катары малдыр-жандыр барына жага турганы менен белгилүү. Бүгүн Туз кенинде алтынга тете затты өндүрүү кандай нукта жүрүүдө? Андан түшкөн каражат райондун кем-карчына жумшаганга жарап жатабы?

— Чолпон айыл аймагынын Туз айылында жайгашкан “Чоң-Туз” кени союз учурунан бери иштеп келет. Бул кара туз кенинде астма, бронхит, аллергия ж.б.у.с. оорулар менен ооруган жарандар дарыланып келишкен. “Чоң-Туз” кенин өлкөбүздүн тургундары кадимки туз катары тамак-ашка колдонуп келишкенден тышкары мал-жандыктарга кеңири колдонуп келишет. Союз учурунда кендин алдына атайын элдерди дарылоо үчүн бөлмө болуп жасалган. 1999-жылдан баштап жеке ишкер Байтереков Курманбек Туз айылынын “Шахта-Туз” тилкесине санаторий куруп, оорулуу адамдарды кабыл алып, кара тузду казып иш алып барып турган. 2017-жылдан 2021-жылга чейин айыл өкмөтүнө ишкерлик кылып, туз кенин иштетүү үчүн айыл өкмөтүнүн карамагындагы материалдык баалуулуктарды колдонгондугу үчүн жогорудагы аталган жылдарга ар бир жылга 400000 сом акча каражатын ижара акысы катары төлөп келген. Ал эми 2021-жылы 1200000 сом, 2022-жыл үчүн 800000 сом, 2023-жыл үчүн 1200000 сом акча каражатын төгүп, мындан тышкары ар бир жылга болжолдуу 60 тонна кара туз берип, аны айыл тургундарына бекер таратып берип келген. 2024-жылы февраль айында Байтереков Аскар өзүнө тиешелүү санаториясын саткандыгын билдирди. Учурда сатып алган жеке ишкер менен кандай тартипте иш алып бара тургандыгын, алдыда келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ижара акысына төлөнгөн акча каражаттары Чолпон айыл өкмөтүнүн ички керектөөлөрүнө жумшалып келген. Жаңы ишкер менен да келишим түзүлсө Чолпон айыл өкмөтүнүн ички керектөөлөрүнө, артып калса башка айыл аймактарга да жумшоо боюнча карап көрөбүз.

— Кочкор элинин басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы, дыйканчылыкта картошка эгүү менен алектенери маалым. Жазында малга болгон тоюттун баасы асман чапчыса, картошканын баасы “ит бекерге” түшүп калганына күбө болдук. Район тургундары үчүн эң маанилүү ушул 2 маселени кандай жол менен көйгөйгө айлантпай, чечсем дейсиз?

— Ооба, Кочкор элинин басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен эмгектенип келишет. Жергиликтүү дыйкандар мал чарбачылыгын өнүктүрүп, чыктуу тоют даярдоо боюнча малдарды тоют менен камсыз кылуу максатында жүгөрү өстүрүүгө басым жасоодо. Себеби 1 гектар көп жылдык чөптүн аянтынан болжолдуу 6-6,5 тоннага чейин кургак тоют алынса, жүгөрү өсүмдүгүнөн бир гектарынан орточо 30 тоннага чейин чыктуу тоют топтой алышат. Экинчиден, жүгөрүнүн үрөнү эспарцет, беденин үрөнүнө салыштырмалуу кыйла арзан. Эки жылдан бери дыйкандарыбыз картошка айдоодон пайда көрбөй, тескерисинче чыгым болуп келишкендиктен картошканын аянтын азайтып, жүгөрүнүн аянтын көбөйтүүгө өтүштү. Ал эми Кочкор районунда картошка өсүмдүгүнүн аянты жылына 3000 гектардын тегерегинде өстүрүлөт. Картошканын орточо түшүмдүүлүгү ар гектарына 160-170 центнерге чейин барып, жылына район боюнча 50 миң тоннанын тегерегинде түшүмү жыйналат. Райондун климаттык шарты картошка өсүмдүгүн өстүрүүгө ылайыктуу. Кочкордон өндүрүлгөн картошка Кыргызстандын ички базарында бренд болуп келүүдө.  Ал эми картошканын баасынын кескин түшүп кетүүсү сырткы базарда картошкага болгон суроо талаптын аздыгы болду деп ойлойм. Экинчиден, Кочкор районунда логистикалык борборлордун жоктугу болууда. Андыктан, районго инвесторлорду тартып, логистикалык борбор курулса, 40-50 миң тонналап дыйкандардын картошкасын кабыл алып, жыйналса, чоң базарга чыгат. Биздин райондо ар ким өзүлөрүнө ылайыктап картошка кампаларды жасап алгандыгы үчүн сырткы чоң базарлар биз менен келишим түзбөй жатат. Ошондуктан, картошканын логистикалык борборун уюштуруу зарыл. Айыл чарба министрлиги картошканы сырткы базарга чыгарууга көмөк көрсөтсө жакшы болмок.

— Районду кайсы бир аймактын мисалында өнүктүрүү үчүн эл аралык алака да маанилүү орунда турары белгилүү. Сиз бийик тоолуу өрөөндү өнүктүрүүдө чет элдик аймактын мисалын колдонгуңуз келеби?

— Башта айттым го, районду өнүктүрүүдө негизги 5 тармакты алганбыз. Бул тармактарды өнүктүрүүдө жергиликтүү ишкерлерден тышкары чет өлкөлүк инвесторлордун колдоосуна муктажбыз. Бир эле мисал, райондун аймагында этке союлуучу малдын санына төп келген чакан эт комбинаты курулушу керек. Ал үчүн долбоор иштелип, ага жараша иш жүргүзүлүшү туура. Ал заманбап техника жана технологияны камтыган инновациялык эт комбинаты болушу абзел. Анда эт кайра иштетилип музоо этинен колбаса, уй этинен консервалар ж.б. эт продуктулары чыгарууга ылайыкталышы зарыл. Мындан 3 жыл мурда Малайзиялык инвесторлор менен Кара-Суу айыл аймагынын Орток айылында эт комбинатын куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ылайыктуу жер тилкеси сунушталып, документтери бүткөрүлүп берилиптир. Учурда ал ишти кайрадан жандандыруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Мындан сырткары райондо күн нурунан энергия алуучу чакан подстанцияларды куруу боюнча дагы Кытайлык инвесторлор менен иш алып баруудабыз. Аларга да ылайыктуу жер тилкеси сунушталып, документтери бүткөрүлүп берилип, курулуш иштери башталуу алдында турат. Районубузду өнүктүрүү үчүн сөзсүз эле чет элдик аймактын мисалын колдонуу эмес, чет элдик инвесторлорду тартып, аларга инвестиция салуусу үчүн ыңгайлуу, туура шарттарды түзүп беришибиз керек.

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!