Кечээ, 4-сентябрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон аймагындагы Ак-Чий айылында 250 орундуу Кожомкул уулу Белек молдо атындагы мечит Катар кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен курулуп, пайдаланууга тапшырылды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, мечиттин ачылышы менен кошо документтери толук бүткөрүлүп, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өткөн.
Саамалыкка айыл башчысы Аскер Алкожоев, Чолпон айылынын жоопту катчысы Алтынбек Качкынбеков, Кочкор районунун имам-хатибинин орун басары Рахат Карабашов жана айыл тургундары катышып, демөөрчүлөргө ыраазычылыктарын айтышты.