Кочкордо аянты 4,5 гектар болгон парк жаңыланат
Курулуш министрлиги маалымдагандай, Кочкор айылындагы оюн-зоок сейил багын оңдоп-түзөө иштери башталды.
Сейил бактын эскиздик долбоорун Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кочкор райондук башкармалыгынын архитекторлору иштеп чыгышты.
Долбоорго ылайык, жалпы аянты 4,5 гектарды түзгөн «Сейил» паркында амфитеатр, лабиринт, аттракциондор, фудкорт, муз аянтчасы жана скейтборд аймагы курулат.