Кочкордо «Күчтүү билим – күчтүү мамлекет» мугалимдер форуму өттү
Кочкор районунда «Күчтүү билим – күчтүү мамлекет» аттуу райондук мугалимдер форуму өтүп, билим берүү мекемелерине автоунаа жана интерактивдүү панелдер тапшырылды.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков катышып, билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушту. Форумду «Ак-Булут» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Ормон Нурбек уулу уюштурду.
Иш-чаранын алкагында И. Арабаев атындагы мектепке Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаа, ал эми Нинакан Жүндүбаева жана Абдразак Жалпетеков атындагы мектептерге интерактивдүү панелдер тапшырылды.
Ошондой эле билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги жана жетишкендиктери үчүн бир катар мугалимдер Жогорку Кеңештин Төрагасынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Депутат Адилет Белеков билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана мугалимдерди колдоого кошкон салымы үчүн «Ак-Булут» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Ормон Нурбек уулуна, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагог-новатор Гапыр Мадаминовго, «Калем Лидерлер Академиясынын» негиздөөчүсү Мамбетасан Ибраевге, акын Алтынбек Исмаиловго жана академиянын аткаруучу директору Талант Ниязбековго ыраазычылык билдирди.