Кочкордо күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

12-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 92

Бүгүн, 12-августта  Кыргызстанда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн магнитудасы 5,5, энергетикалык классы K=12,3 болуп, очогундагы күчү MSK-64 шкаласы боюнча 5,5 баллды түзгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Ак-Чий айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Чолпон айылынан 25 чакырым түштүк-батышта, Кочкор айылынан 38 чакырым түштүк-батышта жана Бишкек шаарынан 120 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Ак-Чий, Туз, Эпкин, Чолпон, Комсомол жана Орток айылдарында 5 баллга жакын, Кочкор, Кызарт жана Жумгал айылдарында 4 балл, ал эми Бишкек, Токмок жана Балыкчы шаарларында 3 балл болгон.

Учурда жер титирөөдөн жабыркагандар же кыйроолор тууралуу маалымат айтылган жок.

12-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 92
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X