Кочкордо жаңы автобекет, стадион жана социалдык объектилер курулууда

4-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 109

Нарын облусунун Кочкор районунда социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушу кызуу жүрүүдө. Кечээ ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев райондогу бир катар курулуш аянттарын кыдырып, иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Учурда Кочкор айылында жаңы автобекет, стадион жана башка маанилүү багыттагы жалпы 21 объектте курулуш иштери аткарылууда. Ошондой эле райондун борборундагы «Сейил» эс алуу багын кошкондо 8 объектте капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.Возможно, это изображение склад лесоматериалов

Иш сапардын жүрүшүндө Эркинбек Чекирбаев курулуш иштеринин сапатына, колдонулуп жаткан материалдарга жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына көңүл бурду.

Тиешелүү жетекчилерге жана подряддык уюмдардын өкүлдөрүнө объектилерди сапаттуу бүткөрүү, иштерди белгиленген мөөнөттө аяктоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

4-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 109
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X