Кочкордо ЖРТнын мыктылары сыйланып, эң жогорку упай алган бүтүрүүчүгө автоунаа тапшырылды
2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы менен Кочкор районунда Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) эң жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө райо
н боюнча эң жогорку көрсөткүчкө жетишкен бүтүрүүчү Айдай Абылаевага “Ак Булут” кайрымдуулук коомдук фондунун жетекчиси Ормон Нурбек уулу тарабынан Chevrolet Spark үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычы тапшырылды. Белгилей кетсек, Кочкор районунун мыкты бүтүрүүчүсүнө автоунаа белек кылуу салты үчүнчү жыл катары менен улантылып келет.
Сыйлоо аземинде жогорку жыйынтык көрсөткөн окуучуларды даярдоого зор салым кошкон мугалимдердин эмгеги да өзгөчө белгиленди. ЖРТдан жогорку упай алган бүтүрүүчүлөрдү окуткан ар бир мугалимге 1000 АКШ доллары өлчөмүндө акчалай сыйлык ыйгарылды.
Мындан тышкары, эң жогорку упайдын ээси Айдай Абылаеванын класс жетекчиси мыкты эмгеги үчүн Түркияга эс алуу жолдомосу менен сыйланды.
Билим берүү тармагын колдоо максатында дагы бир катар белектер тапшырылды. Тактап айтканда, Нинакан Жүндүбаева атындагы мектепке жана Абдыразак Жалпетеков атындагы мектепке заманбап интерактивдүү доскалар белек катары берилди.
Бул саамалык Кочкор районунда билимге умтулган жаштарды шыктандырып, мугалимдердин эмгегин баалоо жана билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган жакшы салт катары уланууда.