Кочкорго жеткен темир жолдун үзүрү кайтууда
Алдыдагы кыш күрөөнү утурлай ушул күндөрү Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр темир жол менен жеткириле баштады. Кочкор темир жол бекетинен жүктөлгөн оор көлөмдөгү “кара алтындын” алгачкы партиясы 11-октябрда Бишкек шаарындагы Аламүдүн темир жол бекетине келди.
Алдыда Аламүдүн бекетиндеги көмүрдү Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) жеткирүү иштери жүргүзүлөөрүн “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришүүдө. Кочкор темир жол бекетинен көмүрдү вагондорго жүктөө алгачкы жолу 10-октябрда жүргүзүлгөн. Анда жалпы сыйымдуулугу 1 миң тоннаны түзгөн 15 вагон көмүр Бишкекке жеткирүү үчүн жөнөтүлгөн.
Эсиңерде болсо, буга чейин Бишкек ЖЭБине көмүр Балыкчы темир жол бекети аркылуу жеткирилип келген. Тээ жай саратанында Балыкчы-Кочкор темир жолунун ачылышы менен бардык жактан өтө чоң потенциалга ээ болгон районго алдыда чоң жүк ташуу жеңилдерин, ишкерликке, өндүрүшкө, өзгөчө туризмге жаңы мүмкүнчүлүктөр жараларын бир катар эксперттер бир ооздон баса белгилешип, мындан ары көркөм аймак кыргыз экономикасынын күрөө кан тамырына айланарын ташка тамга баскандай фактылардын тизмеги менен саймедиришкен. Ошентип, эгемендик доордо эчен ирет аракет көрүлгөнү менен ара-жолдо калган Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулушу жай саратанында бүтүп, алгачкы поезд Кочкорго жетсе, эми касиеттүү кара Кочкордон жүктөлгөн алгачкы жүктөм борборго келе баштады. Кыргыз экономикасынын Локомотивине айланган Кочкор станциясынын мындан ары да алдыдагы иши тынымсыз ыргакта уланып, эксперттердин айтканындай пландар жүзөгө ашып турса, анда өлкөбүздүн экономикасы оожалып, өргө карай ылдамдыкта өсүштү камсыз кыларын ашынган атаандаштарыбыз деле тана алышпаса керек.
Кочкор районунун географиялык, экономикалык, саясий, административдик потенциалын, эң ыңгайлуу логистикалык өзгөчөлүгүн баамдап, ага басым жасап, айтылуу залкар Турдакун Усубалиевдин бир кездеги демилгесин аягына чыгарган Мамлекет башчыбыздын тарыхый аракетине мындай шартта алкыш гана арнагың келет. Бул бир аймактын эле эмес, мамлекеттин масштабындагы бараандуу ийгилиги эмей эмине?! Президент Садыр Жапаров мындай тарыхта калчу изги иши менен жеке эле Турдакун Усубалиевдин гана эмес, кезегинде Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Иманаалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Ишенаалы Арабаев сыяктуу мамлекетти түптөшкөн залкарлардын керээзин аткарып баштады. Мунун өзү өлкөбүз туура багытта кетип баратканынын айныгыс далили десек да жарашат. Эмесе, келечекте кыргыз экономикасына түркүк болчу Кочкордун темир жолу ар убак ачык болсун!
Калыгул Бейшекеев