Көчмөн цивилизацияга арналган илимий диалог

27-август, 2026-ж. / Редакция / Билим 400

3-сентябрда Ысык-Көлдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги» аттуу эл аралык илимий конференция өтөт. Конференция Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги интеллектуалдык иш-чараларынын бири болуп, көчмөн цивилизацияларынын тарыхый мурасын, философиясын, маданиятын, каада-салттарын жана өнүгүүсүнүн заманбап аспектилерин ар тараптуу изилдөө үчүн илимий коомчулукту бириктирүүгө багытталган.

Конференцияда Кыргыз Республикасынын көчмөн элдердин тарыхый-маданий мурасын сактоо, илимий жактан изилдөө жана эл аралык деңгээлде жайылтуу боюнча жүргүзүп жаткан ырааттуу мамлекеттик саясатын чагылдырат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын илимий программасында эл аралык илимий кызматташтыкты чыңдоо жана көчмөн цивилизацияларын изилдөө боюнча глобалдык илимий платформаны калыптандырууга басым жасалат.

30га жакын өлкөдөн окумуштуулар катышат
Илимий конференцияга дүйнөнүн 30га жакын өлкөсүнөн алдыңкы окумуштуулар, изилдөөчүлөр, эксперттер, эл аралык уюмдардын, жогорку окуу жайлардын жана илимий борборлордун өкүлдөрү катышат. Алардын арасында Кыргызстан, Казакстан, Россия, Кытай, Азербайжан, Түркия, АКШ, Австрия, Өзбекстан, Түштүк Корея, Улуу Британия, Индия, Бельгия, Франция, Жаңы Зеландия, Япония, Сауд Арабия Падышалыгы, Мажарстан, Гана, Германия, Италия, Монголия, Нидерланд, Пакистан, Польша, Словения, Швеция, Шри-Ланка жана Иран бар.
Алар өзгөчө көңүлдү эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүүгө, биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун өнүктүрүүгө, академиялык алмашууга жана ар кайсы өлкөлөрдүн изилдөөчүлөрү менен илимий борборлорунун ортосунда жаңы илимий байланыштарды түзүүгө бурушаары күтүлүүдө.

Конференцияны VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүү оюндун спорттук жана маданий гана эмес, илимий-интеллектуалдык маанисин да баса белгилеп, көчмөн элдердин цивилизациялык мурасын терең илимий жактан изилдөөгө шарт түзөт.
Конференциянын салтанаттуу ачылышы 2026-жылдын 3-сентябрында Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда өтөт.

300 кичи автобус тейлейт
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын транспорттук камсыздоосуна кичи автобусттар тартылат. Эл аралык спорттук иш-чарага даярдыктын алкагында Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфра-түзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан 300 кичи автобус тартылат. Алар шаар тургундарынын жана конокторун Кырчын жайлоосуна акысыз жеткирүүнү камсыздайт. Айдоочулар да тиешелүү даярдыктан жана инструктаждан өтүшөт. Мындан тышкары, иштен чыккан кичи автобустарды ыкчам алмаштыруу жана транспорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн айдоочулары менен кошо 15 резервдик транспорт каражаты каралган.

Мээрим Бактыбек кызы

27-август, 2026-ж. / Редакция / Билим 400
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X