Көчмөн дүйнөсүнө чакырык. Жаңы промо-ролик коомчулукка сунушталды
2026-жылы Кыргыз Республикасында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган расмий промо-ролик коомчулукка сунушталды.
Промо-роликте көчмөн цивилизациясынын бай тарыхы, маданий мурасы, улуттук каада-салттары жана элдердин ортосундагы достук менен өз ара түшүнүшүүнүн мааниси көркөм чагылдырылган. Видео дүйнөлүк коомчулукту алдыдагы оюндардын өзгөчө маанайы жана баалуулуктары менен тааныштырууну көздөйт.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары салттуу спорттук мелдештерди, маданий иш-чараларды жана көчмөн элдердин руханий мурасын бириктирген эл аралык долбоор. Иш-чара ар түрдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрүн бир аянтчага топтоп, маданияттар аралык диалогду жана кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргыз Республикасында 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Анын алкагында улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер, этномаданий фестивалдар, көргөзмөлөр жана башка бир катар иш-чаралар уюштурулат.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген спортчуларды, өнөр адамдарынын жана коноктордун башын бириктирген эң ири эл аралык маданий-спорттук иш-чаралардын бири болуп саналат.