«Көчмөндөр ааламы» Кырчындын көркүн ачат

12-август, 2026-ж. / Редакция / Видео 87

Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы талкууланды. К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында өткөн жолугушууда тарыхчылар, этнографтар, илимпоздор, маданият жана искусство ишмерлери программаны мазмундук жактан байытуу боюнча сунуштарын беришти.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын башкы режиссёру, Кыргыз Республикасынын эл артисти Алтынбек Максутов катышты.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Министрдин маалыматына караганда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Оюндун алкагында Бишкек Аренада, Курманжан Датка этнографиялык музейинде, Чолпон-Атадагы ат майданында, «Рух Ордо» маданий борборунда, «Дордой Номад» комплексинде жана Кырчын жайлоосунда масштабдуу маданий иш-чаралар уюштурулат.

Программанын өзөгүн Кырчын жайлоосундагы «Көчмөндөр ааламы» этно-маданий шаарчасы түзөт. Бул жерде кыргыздын улуттук маданияты ар тараптуу көрсөтүлөт: улуттук музыка, театр жана фольклор, манасчылык, төкмө акындык өнөр, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш, каада-салттар, элдик оюндар жана этно-мода боюнча иш-чаралар өтөт.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

«Биз үчүн Кырчын — жөн гана этно шаарча эмес. Бул — кыргыз элинин тарыхы, руханий дүйнөсү, каада-салты, улуттук өнөрү жана жашоо философиясы жандуу көрсөтүлө турган өзгөчө маданий мейкиндик», — деди Мирбек Мамбеталиев.

Мындан тышкары, маданий программага өлкөнүн бардык облустары, Бишкек жана Ош шаарлары катышып, өз аймактарынын тарыхый жана маданий өзгөчөлүктөрүн тааныштырат. Эл аралык деңгээлдеги иш-чарада чет мамлекеттердин маданий программалары жана чыгармачылык долбоорлору да сунушталат.

Жолугушууда Алтынбек Максутов «Көчмөндөр ааламы» этно-маданий шаарчасынын концепциясын жана программасын тааныштырды. Адистер анын мазмунуна баа берип, тарыхый мурастын так берилиши, улуттук баалуулуктардын сакталышы жана заманбап форматта сунушталышы боюнча пикирлерин билдиришти.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын башкы максаты — улуттук мурасты сактоо, аны заманбап шартта жандандыруу жана кийинки муунга өткөрүп берүү.

Кырчын жайлоосунда бул идея тарых, өнөр, салт жана заманбап чыгармачылык айкалышкан чоң маданий аянтча аркылуу ишке ашырылат.

 

12-август, 2026-ж. / Редакция / Видео 87
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X