Көчмөндөр оюндары-өзүбүздү дүйнөгө тааныткан күзгү
Оюндар аяктады. Эми анын мурасы жашообузда уланабы? Кээде тарыхты китептен окуп эле тим болбой, аны бир окуя аркылуу жүрөгүбүз менен сезебиз. Кээде ата-бабадан калган мурас музейдеги экспонат эмес, көз алдыбызда кайра жанданып, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген адамдарга көрсөтүлөт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дал ушундай тарыхый окуялардын бири болду
31-августта Бишкекте башталган ири спорттук майрам 6-сентябрда өз жыйынтыгын чыгарды. Бул күндөрү Кыргызстанга дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген спортчулар күч сынашып, Кырчын жайлоосу көчмөндөрдүн маданиятын, салтын жана өнөрүн дүйнөгө тартуулаган чоң аянтчага айланды. Быйылкы оюндарга 109 өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчу катышып, спорттун 42 түрү боюнча мелдештер өттү. Бирок, оюндардын маанисин медалдардын саны менен гана өлчөө туура эмес. Анткени Көчмөндөр оюндарынын эң чоң жеңиши — өзүбүздүн ким экенибизди дагы бир жолу дүйнөгө көрсөтүүдө. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген меймандар Кыргызстанды жөн гана спорттук мелдеш өткөргөн өлкө катары көрүп кеткен жок. Алар кыргыз элинин жашоо образын, маданиятын, улуттук оюндарын, каада-салтын, көл өнөрчүлүгүн, улуттук кийимдерин, тамак-ашын, музыкасын жана эң башкысы- кыргыз элинин меймандостугун көрүштү. Кырчын жайлоосунда ар бир облустун тигилген боз үйлөрүнүн ар бири кыргыз тарыхынын өзүнчө бир барагындай болду. Боз үйдүн түзүлүшү, анын ичиндеги буюмдары, шырдак, ала кийиз саймалары, улуттук кийимдери – мунун баары биздин ата-бабаларыбыздын жашоосунан кабар берет. Биз үчүн жөнөкөй көрүнгөн боз үй чет элдик конок үчүн бүтүндөй бир маданияттын символу болушу мүмкүн. Анткени боз үй жөн гана жашай турган жай эмес. Ал көчмөндөрдүн үйү, үй-бүлөнүн очогу, берекенин жана ынтымактын белгиси. Ал эми ат үстүндөгү оюндар кыргыз элинин тарыхын дагы бир ирет эске салды. Кыргыз үчүн ат жөн гана унаа болгон эмес. Ат — көчмөндөрдүн канаты, ишенимдүү жолдошу, эркиндиктин символу. Көк бөрү, эр эңиш, ат чабыш, кыз куумай сыяктуу оюндарда ошол тарыхый байланышы бүгүнкү күндө дагы жашап келе жатат. Көк бөрүдөгү шамдагайлыкты, күрөштөгү күчтүүлүктү, тогуз коргоолдогу терең ойду — кыргыздын мүнөзүн ар башка өңүттөн көрсөтүп келет. Мисалы, тогуз коргоолду карап отуруп эле кыргыз элинин байыркы дүйнө таанымындагы акыл-эсин, эсепке жана стратегияга кандай мааниге ээ болгонун түшүнүүгө болот. Ал эми көк бөрүдө шамдагайлык менен бирге командалык аракет, ишеним жана намыс талап кылынат. Кыргыздын улуттук оюндардын ар биринин артында элдин тарыхы, мүнөзү жана дүйнө таанымы жатат.
Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан дагы бир чоң баалуулук – бул меймандостук
«Конок келсе – кут» деген түшүнүк кыргыздын кан-жанына сиңип калган. Көчмөндөр оюндарына келген конокторду жылуу тосуп алуу, дасторкон жайуу, улуттук тамактарды тартуулоо, өнөрпоздордун ыр-күүлөрүн тартуулоо аркылуу биз бул салтты дагы бир ирет көрсөттүк. Чет өлкөлүк меймандар Кыргызстанга келгенде анын эсинде медаль же мелдештин жыйынтыгы гана калбашы мүмкүн. Анын эсинде жайлоонун арча жыттынган жыты, комуздун күүсү, боз үйлөр, кыргыздын даамдуу тамак-ашы, аттардын дүбүртү жана адамдардын жылуу мамилеси калды деп ойлоймун. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бизге дагы бир маанилүү нерсени түшүндүрдү: өзүбүздү дүйнөгө таанытуу үчүн биринчи кезекте өзүбүздүн баалуулуктарыбызды жакшы билишибиз керек экенин. Бүгүнкү жаш муундарыбыз дүйнөлүк маданияттын, технологиянын жана социалдык тармактардын ичинде өсүп жатат. Бул — заманыбыздын талабы. Бирок дүйнөгө аралашуу өзүнүн тилин, тарыхын, салтын унутуу дегенди билдирбейт. Тескерисинче, дүйнөдө ар бир элди өзгөчө кылып турган нерсе анын өзүнүн жүзү. Биздин жүзүбүз – Манас эпосубуз, комуз, боз үй, ак калпак, улуттук оюндар, ат, тоолор, меймандостук, салт жана эркиндикти сүйгөн мүнөзүбүз. Көчмөндөр оюндарыбызда дал ошол кыргыз элинин жүзүн дүйнөгө дагы бир жолу көрсөттү. Эми эң маанилүү милдетибиз -бул биздин баалуулуктарды оюндар өткөн күндөрдө гана калтырбай, күнүмдүк жашообузда дагы улантуу.
Мурас муундан муунга өтүшү керек
Көк бөрү, кыргыз күрөшү, эр эңиш, ордо, тогуз коргоол, ат оюндары биз үчүн булардын айрымдары кадимки көрүнүш. Ал эми чет өлкөдөн келген конок үчүн бул оюндардын ар биринин артында өзүнчө тарых жана философия бар. Мына ушул жагынан алганда Көчмөндөр оюндары бизге биринчи кезекте өз мурасыбызды баалоону үйрөттү. Өзүбүз күн сайын көрүп жүргөн нерсенин баркын кээде байкабай калабыз. Ат үстүндөгү өнөрдү, улуттук оюндарды, кол өнөрчүлүктү, салт-санааны кадимки эле көрүнүш катары кабыл алабыз. Ал эми дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген адамдар бул баалуулуктарга кызыгып, сүрөткө тартып, видеого түшүрүп, өз өлкөлөрүнө алып кетишти. Демек, бизде дүйнөгө көрсөтө турган байлык бар. Эми ошол байлыкты кийинки муунга өткөрүү — биздин милдетибиз.
Жеңиш — бүт элдин жеңиши
Кыргызстандын белгилүү балбаны, күрөш боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Көчмөндөр оюндарындагы спортчулардын ийгилиги жалпы кыргыз элинин жеңиши экенин белгиледи. Бул сөздүн салмагы чоң. Анткени спортчу мелдешке чыкканда килемде же аянтта өзү гана турат. Бирок анын артында машыктыруучусу, үй-бүлөсү, эли жана өлкөсү турат. Көк бөрүдөгү ар бир салым, күрөштөгү ар бир жеңиш, ат үстүндөгү ар бир ийгилик кыргызстандыктардын баарына тиешелүү кубанычка айланды. Ушундан улам Көчмөндөр оюндары бизге биримдиктин күчүн да көрсөттү.
Дүйнө Кыргызстанды көрдү
Көчмөндөр оюндарынын дагы бир маанилүү жагы — Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатовдун маалыматына караганда, оюндарга 200 миңге жакын турист келери күтүлүп, иш-чара өлкө экономикасына 100–120 миллион доллардан ашык киреше алып келиши мүмкүн болгон. Анын айтымында, негизги натыйжа оюндар аяктагандан кийин дагы байкалышы мүмкүн, анткени дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсүнөн келген медиа өкүлдөрү жана блогерлер Кыргызстан тууралуу маалымат таратышты.Бул жерде бир маанилүү нерсе бар. Кыргызстанды таанытуу үчүн дайыма эле чоң жарнама талап кылынбайт. Кээде бир чет элдик коноктун Кыргызстан тууралуу жакшы таасири миңдеген адамдарга жетиши мүмкүн. Ал эми Кырчындын кең талаасы, Ысык-Көлдүн жаратылышы, кыргыздын боз үйлөрү, улуттук тамак- аштары, ат оюндары жана кыргыз элинин меймандостугу өлкөбүздүн өзгөчө жүзүн көрсөтө алды.
Оюндардан кийин эмне калат?
Эң маанилүү суроо ушул. Спортчулар үйлөрүнө кайтышат. Коноктор өз мекендерине кетишет. Кырчындын талаасындагы шаң басаңдайт. Медалдар спортчулардын үйлөрүндө сакталат. Бирок, Көчмөндөр оюндарынын чыныгы мурасы ошол жерден башталууга тийиш. Мектеп окуучулары тогуз коргоолду үйрөнөбү? Балдар ат спортуна кызыгабы? Улуттук оюндар айылдарда жана шаарларда кеңири жайылабы? Кол өнөрчүлөрдүн эмгегине болгон кызыгуу көбөйөбү? Эгер ушул суроолорго оң жооп табылса, анда оюндардын мааниси дагы терең болот деп ишенем. Анткени салтты сактоо — аны бир жолу көрсөтүп коюу эмес. Салтты сактоо- бул күнүмдүк жашоодо улантуу. Көчмөндөрдүн жашоо образы адам менен жаратылыштын байланышын, эркиндикти, чыдамкайлыкты жана биримдикти даңазалайт. Бүгүнкү технология өнүккөн заманда бул баалуулуктар мурдагыдан да маанилүү болуп бара жаткандай. Балдарыбыз телефон менен компьютердин дүйнөсүндө өсүп жатат. Алар дүйнөнүн каалаган бурчун бир баскыч менен көрө алышат. Бирок ошол эле учурда өзүнүн тарыхын, тилин, салтын жана улуттук оюндарын билүүсү керек. Анткени дүйнөгө аралашуу үчүн өз тамырыңды унутуунун кереги жок. Тескерисинче, өзүңдүн ким экениңди билгенде гана дүйнөгө өзгөчө жүзүңдү көрсөтө аласың.
Эң чоң жеңиш — мурасты сактап калуу
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дагы бир маанилүү нерсени көрсөттү: анын өзөгү атаандаштыкта гана эмес. Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт агенттиги белгилегендей, оюндардын негизги максаттарынын бири — салттуу спорт түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү, аларды дүйнөгө жайылтуу жана элдердин ортосундагы достукту бекемдөө. Ошондуктан мамлекеттер арасында жалпы медалдык рейтинг жүргүзүлгөн жок. Бул жерде бир өлкөнүн жеңиши экинчи өлкөнүн жеңилиши эмес. Бул жерде жалпы адамзаттык мурас, достук жана маданият биринчи орунда турат. Ошондуктан Көчмөндөр оюндары бизге бир чоң сабак берди. Өткөндү сактап калуу менен келечекке жол ачуу. Бүгүн дүйнө кыргыздын көк бөрүсүн, күрөшүн, ат үстүндөгү өнөрүн, кол өнөрчүлүгүн көрүштү. Эртең ошол өнөрдү биздин балдарыбыз улантышы керек. Оюндар аяктады. Бирок көчмөндөрдүн руху, салты жана мурасы улана берүүгө тийиш.
Чынара Калматова