Көчмөндөр оюндары учурунда өзүн начар сезгендерге медициналык жардамга кайрылуу сунушталат
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучуларга жана конокторго ден соолукка кам көрүү боюнча жөнөкөй эрежелерди сактоо сунушталат.
Адистер иш-чара учурунда колду самындап тез-тез жууп, зарыл учурда антисептик колдонууну эскертишет. Ошондой эле коопсуз жана сапаттуу ичүүчү сууну колдонуп, тамак-аш азыктарын жана даяр тамактарды санитардык талаптар сакталган жайлардан гана сатып алуу маанилүү.
Мындан тышкары, жеке гигиена эрежелерин сактоо жана ден соолукка өзгөчө көңүл буруу зарыл. Өзүн начар сезген учурда медициналык жардамга өз убагында кайрылуу сунушталат.
Ден соолукка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучулары жана коноктору үчүн иш-чараны жайлуу жана коопсуз өткөрүүгө өбөлгө түзөт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары салт-санааны даңазалоо менен бирге бири-бирибиздин ден соолугубузга кам көрүүгө чакырат.