Көчмөндөр оюндарына байланыштуу Бишкек жана Ысык-Көлдө жолдор чектелет

18-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103

Бишкек жана Ысык-Көл облустарында мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу 30-августтан 6-сентябрга чейин айрым жолдордо транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ички иштер министрлиги күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Бишкек шаарында чектөөлөр Манас эл аралык аэропортунан башталган маршрут боюнча Васильевский трактта, Фучик көчөсүндө, Чүй, Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилеринде, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр көчөлөрүндө, Абсамат Масалиев проспектисинде, Жайыл Баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрүндө киргизилет.

Мындан тышкары, Чүй облусунун айрым унаа жолдорунда да транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр коюлат.

Ысык-Көл облусунда чектөөлөр айрым жол тилкелеринде, анын ичинде «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо, ат майданынын аймагында жана Кырчын капчыгайына алып баруучу жолдо киргизилет.

Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата даярдык машыгуулары өтүп жаткандыктан, «Бишкек Арена» стадионунун айланасындагы айрым жол тилкелери мезгил-мезгили менен жабылып жатат.

Ички иштер министрлиги шаар тургундарын жана конокторун киргизилип жаткан чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, сапарларын алдын ала пландап, мүмкүн болсо альтернативдүү маршруттарды тандоого чакырат.

18-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X