Көчмөндөр оюндарына карата коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине карата коомдук коопсуздукту камсыз кылуу иштери күчөтүлүүдө.
Ири эл аралык иш-чара маалында милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактап, жарандардын коопсуздугун камсыз кылат. Мындан тышкары, жол кыймылын жөнгө салуу боюнча да тиешелүү чаралар көрүлөт.
Ички иштер министрлиги мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жарандардын пикирин сурады. Сурамжылоого катышкандар милициянын иши иш-чаралардын тынч жана коопсуз өтүшүндө маанилүү экенин белгилешти.
Ошондой эле жарандар Көчмөндөр оюндары Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга, өлкөнүн туристтик жана маданий мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө жана эл аралык аброюн жогорулатууга өбөлгө түзөрүн айтышты.
Ички иштер органдары оюндардын жүрүшүндө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызматын күчөтүлгөн тартипте аткарууга даяр.