Көчмөндөр оюндарынын алдында ИИМ жарандарды сабырдуулукка чакырды

26-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 124

Кыргызстанда дүйнөнүн булуң-бурчунан келген спортчуларды жана конокторду бириктирген VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды улутуна, тилине жана маданиятына карабастан, бири-бирине урмат-сый жана сабырдуулук менен мамиле кылууга чакырды.

ИИМдин маалыматына ылайык, бул күндөрү коомдук жайларда жана социалдык тармактарда маданияттуу, сылык пикир алышуу жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турум өзгөчө маанилүү. Бул коомдо тынч жана жагымдуу маанайдын сакталышына өбөлгө түзөт.

Министрлик социалдык тармактардагы маалыматтарга сын көз менен мамиле кылып, чагымчыл аракеттерге алдырбоого үндөдү. Ошондой эле улуттардын жана социалдык топтордун ортосунда чыр-чатак же чыңалуу жаратышы мүмкүн болгон материалдарды жана комментарийлерди таратпоого чакырды.

ИИМ сабырсыздыкка, мазактоого жана улуттар аралык же этностор аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарга жол берилбей турганын эскертти.

Мындай аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

Башкы чакырык — оюндардын жүрүшүндө конокторду жылуу тосуп алып, өз ара урмат-сыйды сактап, Кыргызстанды тынчтыкты жана ынтымакты баалаган өлкө катары көрсөтүү.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X