Койдун жүнүнөн жасалган жер семирткичке суроо-талап өстү
Айыл чарба министрлиги маалымдагандай, Кыргызстанда койдун жүнүн кайра иштетүүдөн алынган экологиялык таза жер семирткичке кызыгуу күч алды.
Маалыматка ылайык, ишкер Кундуз айым 2025-жылдан тарта жүндөн органикалык жер семирткич өндүрө баштаган. Өндүрүш процесси менен министрликтин Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин адистери жеринен таанышкан.
Адистердин белгилешинче, бул жер семирткич топурактын түшүмдүүлүгүн арттырып, нымды узак сактоого жардам берет жана өсүмдүктүн өсүшүнө оң таасир тийгизет.
Азыркы тапта продукцияга өзгөчө органикалык дыйканчылык менен алектенген чарбалар арасында суроо-талап жогору. 2026-жылдын башынан тарта буйрутмалар көбөйгөндүктөн, ишкер өндүрүш көлөмүн кеңейтүү багытында иш алып барууда.