«Көк-Арт» туннелинен өтүүнүн жаңы эрежеси күчүнө кирди

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 120

Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 318-чакырымында жайгашкан «Көк-Арт» төлөм алуу пункту расмий түрдө ишке кирди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, төлөмдөр толугу менен накталай эмес тартипте кабыл алынат. Айдоочулар жол акысын QR-код, банктык карта жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу төлөй алышат.

Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолу өлкөнүн стратегиялык маанидеги жолдорунун бири болуп саналат. Анын курамындагы «Көк-Арт» туннели Кыргызстандагы эң узун автомобиль туннели болуп, узундугу 3 чакырым 890 метрди түзөт.

Министрликтин маалыматына караганда, туннелди үзгүлтүксүз тейлөө олуттуу чыгымдарды талап кылат. Анда күнү-түнү жарыктандыруу, желдетүү, видеокөзөмөл, өрт коопсуздугу, авариялык байланыш жана башка инженердик системалар тынымсыз иштеп турушу зарыл.

Туннелден өтүү үчүн төлөм алуу тартиби Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 25-февралындагы №134 токтому менен бекитилген. Топтолгон каражаттар жолду тейлөөгө, оңдоо иштерине жана анын коопсуз пайдаланылышын камсыздоого багытталат.

Төлөмдөрдүн өлчөмү төмөнкүдөй белгиленген:

  • М1 категориясы (жеңил автоунаалар) – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик унаалар үчүн – 200 сом;
  • М2 категориясы (5 тоннага чейинки кичи автобустар) – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;
  • N2/Т5 категориясы (3,5 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар жана тракторлор) – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;
  • М3/N2 категориясы (автобустар жана 3,5–12 тонна жүк ташуучу унаалар) – 500 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом;
  • N3 категориясы (12 тоннадан жогору жүк ташуучу унаалар) – 700 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 3000 сом;
  • N3O3, Т4/2, N3O4 категориялары (чиркегичтүү жана ири оор жүк ташуучу унаалар) – 1000 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом.

Мындан тышкары, төлөм алуу пунктунда сегиз кыймыл тилкеси уюштурулган. Бул транспорт каражаттарынын үзгүлтүксүз өтүшүн камсыздап, жолдогу тыгындардын алдын алууга жана өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.

9-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 120
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X