Кол өнөрчүлүктү өркүндөтүү максатында «Көчмөн сыры» семинары өттү — ФОТО

26-апрель, 2022-ж. / Редакция / Маданият 26

Кечээ, 25 апрелде Кыргызпатент Кыргызстан кол өнөрчүлүк кеңеши менен бирге «Көчмөн сыры» аталышында семинар өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара жаратмандарды, кол өнөрчүлөрдү, чыгармачыл инсандарды, өлкөбүздөгү авторлордун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, баалоо, барктоо, улуттук баалуулуктарды, маданиятты өнүктүрүү жана колдоо максатында Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда уюштурулган.

Семинарды Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ачып берди.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева сөз сүйлөп, креативдүү чөйрөнүн келечеги кең экенин баса белгилеп, кол өнөрчүлүк кылымдан кылымга мурас болуп кала беришине ишенерин билдирди.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр, чеберлер, дизайнерлер катышты.

Семинардын жүрүшүндө кыргыздын кол өнөрчүлүгү, аны жайылтуу, кайрадан жандантуу, өркүндөтүү жана ар кандай көйгөйлөрү жөнүндө талкуу жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңеши жана Кыргызпатенттин ортосунда эки тараптуу меморандумга кол коюу салтанаты өткөрүлүп, «Жаз кайрыктары» кол өнөрчүлөрдүн автордук эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулду.

26-апрель, 2022-ж. / Редакция / Маданият 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X