Көлдүн түбүндөгү «тузактар»: Ысык-Көлдөн дагы бир чакырымдан ашык тор табылды

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 163

Ысык-Көлдүн тазалыгын сактоо боюнча иштер уланууда. Түп районундагы рейд учурунда көлдүн түбүнөн мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган 1100 метр эски синтетикалык тор чыгарылды.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштерин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери жүргүздү. Табылган торлор суу экосистемасына коркунуч жаратып, балыктардын кырылышына себеп болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, Ысык-Көлдө мыйзамсыз коюлган балык уулоочу торлорду тазалоо иштери бир нече жылдан бери жүргүзүлүп келет. Бирок үзгүлтүксүз текшерүүлөргө карабастан, көлдүн түбүнөн жаңы торлор дагы эле табылууда.

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 163
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X