«Коляскаңды бүктө, болбосо айдабайм» деген окуядан кийин Ошто айдоочу жумуштан алынды
Ош шаарында коляска менен келген жүргүнчүгө орой мамиле кылган автобус айдоочусу кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанар Акаев билдирди.
Эскерте кетсек, социалдык тармактарда тараган маалыматта, айдоочу коляска менен келген келинге «Коляскаңды бүктөбөсөң, автобусту айдабайм» деп шарт койгон.
Окуя боюнча коомчулуктун нааразычылыгы күчөп, социалдык тармактарда кеңири талкууга алынган.
Бул маалыматтын негизинде тийиштүү органдар тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында айдоочу иштен бошотулган. Шаардык бийлик коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү экенин баса белгилеп, мындай кызматтык каталарга жол берилбеши керектигин билдирди.
