Комитет жынысты документтерде өзгөртүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды
1-июнда Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Болот Сагынаев жана Айбек Алтынбеков.
Жыйында баяндама жасаган депутат Болот Сагынаев белгилегендей, документ үй-бүлө институтун жана демографиялык коопсуздукту коргоого, ошондой эле улуттук-маданий өзгөчөлүктөрдү жана салттуу баалуулуктарды сактоого багытталган.
Анын айтымында, медицинанын өнүгүшү жынысты коррекциялоо процедураларын жеткиликтүүрөөк кылып, бул маселени коомдук талкуунун борборуна чыгарууда. Ошол эле учурда аталган тармактагы мыйзамдык жөнгө салуу жетишсиз болуп, укуктук боштуктарды жаратып жатканын белгиледи.
Депутаттын маалыматына ылайык, учурдагы мыйзамдар медициналык корутундулардын негизинде жарандык абалдын актыларындагы жана өздүгүн тастыктоочу документтердеги жынысы тууралуу маалыматты өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоору менен жарандык абалдын актыларында жана башка расмий документтерде биологиялык жынысы тууралуу жазууну өзгөртүүгө тыюу салган нормаларды киргизүү сунушталууда.
Комитет мыйзам долбоорун талкуулап, биринчи окууда жактыруу чечимин кабыл алды.