Комитетте «Баатыр эне» ордени бар энелердин балдарына берилчү жеңилдиктер маселеси каралды

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 114

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында бир катар токтом долбоорлору каралып, жактырылды.

Анын ичинде «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдө жеңилдиктерди берүү боюнча токтомдун аткаруу мөөнөтүн узартуу маселеси каралды.

Ошондой эле Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн бекитүү тууралуу токтомдун аткарылышын көзөмөлдөн алуу сунушу жактырылды.

Мындан тышкары, комитет жабык режимде чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынан Кыргызстандагы ЖОЖдорго которулган студенттердин окуусун аяктоосу жана тиешелүү документтерди алуусу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматын укту.

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 114
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X