Компаниядан бюджетке 132 млн сомдон ашык экологиялык төлөм өндүрүлдү

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 77

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке түшпөй калган 132 млн сомдон ашык каражатты өндүрдү.

Маалыматка караганда, «А.О.» ЖЧКсы 2021–2023-жылдары кыймылдуу булактардан атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгаргандыгы үчүн милдеттүү төлөмдөрдү өз убагында төлөгөн эмес. Мында айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдү аныктоо боюнча колдонуудагы методиканын талаптары сакталган эмес.

Натыйжада бюджетке 132 млн 148 миң 843 сом түшпөй калган.

Башкы прокуратура көргөн чаралардын негизинде аталган каражат компаниядан толугу менен өндүрүлүп, мамлекеттик бюджетке чегерилди.

2-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 77
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X