Композиторлор жана музыка таануучулар үчүн республикалык сынактар өткөрүлөт

7-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108

Кыргызстанда композиторлор жана музыка таануучулар үчүн эки республикалык ачык кароо-сынагы жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзу менен биргеликте “Музыка иликтөө боюнча мыкты эмгектер” жана “Оркестрлер үчүн чыгармалар” сынактарын уюштурууда.

Сынактардын максаты – кыргыз музыкалык искусствосунун тарыхын жана өнүгүү багыттарын изилдеген илимий эмгектерди колдоо, ошондой эле симфониялык, камералык, эл аспаптар жана фольклордук оркестрлер үчүн жаңы чыгармаларды жаратууга дем берүү.

Катышуучулар эмгектерин 2026-жылдын 30-октябрына чейин тапшыра алышат. Музыка таануу багытындагы иштер академиялык талаптарга ылайык даярдалып, ал эми оркестрлер үчүн чыгармалар партитурасы жана аспаптык партиялары менен кабыл алынат.

Сынактардын жыйынтыгы 2026-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында чыгарылып, жеңүүчүлөргө акчалай жана атайын сыйлыктар тапшырылат.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзу — (0312) 66-43-04, WhatsApp: 0773 71 23 15.

7-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X