Конгодо президенттикке оппозициялык талапкер коронавирустан көз жумду

23-март, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 21

Конго Республикасында оппозициянын 61 жаштагы лидери Ги-Брис Парфе Колелас 21-мартта өткөн президенттик шайлоолор күнү коронавирустан каза тапты. Ал өлкөнү 36 жылдан бери башкарып жаткан аракеттеги президент Дени Сассу-Нессогонун олуттуу атаандашы эле. Саясатчы Францияга алып кетүү үчүн Браззавилге учуп келген медициналык самолёттун салонунда каза тапкан. Колеласка коронавирус жуккандыгы 19-мартта белгилүү болгон

23-март, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X