Конституциялык сот тууралуу мыйзам долбоору комитетте биринчи окууда жактырылды

26-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 118

26-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси — Кыргыз Республикасынын Президенти.

Жыйында Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев баяндама жасап, сунушталган өзгөртүүлөр соттун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганын белгиледи. Анын айтымында, мыйзам долбоору аркылуу Конституциялык сотко кайрылууга укуктуу субъекттердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, сот өндүрүшүнө санариптик механизмдерди киргизүү жана сот актыларынын аткарылышын камсыз кылуу каралган.

Мындан тышкары, Конституциялык соттун чечимдерин жана корутундуларын аткарууга байланыштуу даярдалган мыйзам долбоорлорун коомдук талкуусуз шашылыш тартипте киргизүү жана аларды Жогорку Кеңеште кезексиз негизде бир эле учурда үч окууда кароо сунушталууда.

Талкуу учурунда депутаттар Мирлан Жеенчороев жана Улан Сариев мыйзам долбоорлорун коомдук талкуусуз кароо жана үч окууда бир учурда кабыл алуу маселелерине байланыштуу суроолорду көтөрүштү.

Ошондой эле комитет “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карап, жактырды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X