Коомчулуктан оор операцияга чогулган акчаны уурдап кетишкен шектүүлөр кармалды

Жалал-Абадда бир нече батирге уурулук жасаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун 1981-жылы туулган тургуну А.Б. арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 25-майда үйүнө белгисиз кылмышкерлер эшигин бузуп кирип, жабырлануучунун жубайы 1986-жылы туулган А.Н. баш мээсинде кан тамыры жарылып оор операция жасоо үчүн коомчулук тарабынан жардам катары кайрымдуулуктан чогултулган жалпы суммасы 500 000 сомдон ашуун акчасын уурдап кетишкенин билдирген.

Ал эми, ошол эле райондун 1974-жылы туулган тургуну А.Г. милицияга арызданып,  2022-жылдын 09-июнда белгисиз кылмышкерлер үйүндө эч ким жоктугунан пайдаланып эшигин бузуп кирип, бөлмөлөрүн чачып, бирок баалуу буюм жок болгондуктан эч нерсе албай окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкендигин билдирген.

Ошондой эле 2022-жылдын 18-июнь күнү Сузак районунун 1971-жылы туулган тургуну Г.А. арызы менен кайрылган, анда 2022-жылдын 8-июнда саат 9:45 тен 12:00 го чейинки аралыкта үйүндө эч ким жоктугунан пайдаланып, белгисиз кылмышкерлер базар баасы 30 000 (отуз мин) сомдун күмүш зергерин алып үйүмдү тытып кетишиптир деп билдирген.

Жогорудагы көрсөтүлгөн фактылар боюнча Сузак РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын  КЖКнин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары башталган.

Аталган кылмыштардын бетин ачып, уурулукту токтотуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүң опер кызматкерлери менен биргеликте, болуп жаткан батир уурлук кылмыш иштери боюнча алынган маалыматтардын, ошондой эле жүргүзүлгөн ыкчам                            иш-чараларынын натыйжасында, 2022-жылдын 19-июнда Сузак районунун 39 жаштагы тургуну тургуну Н.А. Ош шаарында иизин жашырып жүргөн жеринен кармалган.

Ал эми анын кылмыштуу шериги Жалал-Абад шаарынын 31 жаштагы тургуну И.Х. Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөн ижарага убактылуу батир алып жашынып жаткан жеринен кармалып, жашаган дарегине тинтүү жүргүзүлүп, кылмышка тиешелүү далил буюмдар алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, уурулукка шектүүлөр Н.А. жана И.Х.нын баш коргоо чаралары райондук тергөө соту тарабынан каралып, 2 айлык мөөнөткө камакка алынган.

Уурулуктан жабыр тарткан атуулдарга чыгымдар жарым жартылай кайтарылып берилди.

Азыркы күндө батир уурулук фактылары боюнча ыкчам иликтөө жана тергөө амалдары улантылууда.

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!