Коомдук саламаттык: Өзгөчө кырдаалдар боюнча алгачкы операциялык борбор ачылды

22-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 21

Бишкек шаарында коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча биринчи операциялык борбор ачылды.  

Борбор калктын ден соолугуна байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо үчүн иштелип чыгып, өзгөчө кырдаал учурунда натыйжалуу чара көрүү үчүн стратегиялык координацияны, өз учурундагы маалымат алмашууну жана талдоону камсыз кылат.

Борборду керектүү жабдуулар менен толуктоого USAID жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму колдоо көрсөткөн.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X