Коопсуздук көйгөйү талкууланды
17-майда Бишкекте «Пикир» аймактык эксперттер клубу, Кыргыз Республикасынын «Альфа» атайын багыттагы бөлүгүнүн ардагерлеринин эл аралык ассоциациясы жана эксперттер «Кабар» маалымат агенттигинде “Фергана өрөөнүндөгү чек ара жаңжалдарынын Борбордук Азиядагы глобалдык коопсуздук архитектурасына тийгизген таасири” аттуу тегерек стол өткөрүштү.
Талкууда жакында орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар бир гана Кыргыз Республикасынын гана эмес, Фергана чөлкөмүндөгү коопсуздук маселелерин көтөрдү дешти эксперттер.
Эксперт Юрий Погиба Фергана өрөөнүндөгү чыр-чатактардын алдын-алуу натыйжа берээрин айтып, “Чек арадагы чыр-чатактар Борбор Азиядагы коопсуздукка терс таасирин тийгизет. Анын алдын алуу керек. Чечилбей келген маселелерге өз учурунда көңүл буруу натыйжа алып келет”, — деди. Ал эми саясат талдоочу Токтогул Какчекеев: “Чек ара маселелери элдин түздөн-түз экономикалык жана социалдык жашоосуна таасирин тийгизет. Андыктан, бардык маселелер сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши абзел. Чек ара меселелери татаал. Чечилбей жаткандыгы карапайым элди кыйнап жатат. Бардыгын документтик далилдерге таянып, чечүү зарыл”, — деген пикирде.
Ал эми Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов: “Сирия, Ливия, Тоолуу Карабактагы окуялар дүйнөдө көйгөйлөр бар экендигин көрсөттү. Ал эми биздин Борбор Азияда дагы олуттуу маселелер бар. Акыркы 30 жыл аралыгында коңшу өлкөлөр чек ара маселелерин чечүү боюнча бирдиктүү пикирге келе алышкан жок. Аймакта суунун жана жайыттардын жетишсиздиги, буга кошумча Афганистандагы абал барган сайын курчууда. Ушуга байланыштуу биз өзүбүзгө гана таянышыбыз керек. Өз көйгөйлөрүбүздү кимдир бирөө чечип берет дегенден алыс болушубуз абзел”, — деген оюн билдирди.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы