Көп балалуу энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйланат

15-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 246

Президент Садыр Жапаров “Республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” мыйзамдын 10-беренесине ылайык кабыл алынган.

Жарлыкка ылайык, жети жана андан көп баланы төрөп, аларды татыктуу тарбиялап өстүргөн энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйланышат.

“Баатыр эне” ордени менен сыйланган  энелердин толук тизмеси 2026-жылдын 15-майында жарык көргөн “Эркин-Тоо” гезитинин №35 санынан окусаңыздар болот.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X