Көп балалуу энелер “Эне даңкы” медалы менен сыйланат
Президент Садыр Жапаров “Республиканын көп балалуу энелерин “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, Жарлык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” мыйзамынын 12-беренесине ылайык кабыл алынган.
Ага ылайык, алты баланы төрөп, аларды татыктуу тарбиялап өстүргөн энелер “Эне даңкы” медалы менен сыйланышат.
“Эне даңкы” медалына ээ болгон энелердин толук тизмеси 2026-жылдын 15-майында жарык көргөн “Эркин-Тоо” гезитинин №35 санынан окусаңыздар болот.