Коронавирус дагы эки адамдын өмүрүн алды

24-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 31

Кыргызстанда 24-сентябрга карата сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Белгилей кетсек, республикада пандемия башталгандан бери 178 миң 123 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 657 киши айыгып чыкса, 2 миң 597 адам каза болду.

24-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X