"Эркин-Тоо"

Коронавирус менен ооругандардан эми «жашыл» көк дат дарты аныктала баштады

Индияда коронавирус менен ооругандардан буга чейин «кара», «ак» жана «сары» көк дат (плесень) дарты табылган болчу. Эми оорулулардан «жашыл» көк дат дарты, башкача айтканда өпкөнүн аспергиллез илдети аныктала баштады. Hindustan Times басылмасы расмий маалыматтарга таянып, бул илдеттин катталышы өлкөдөгү алгачкы учур, деп жазды.

«Жашыл» көк дат дарты Мадхья-Прадеш аймагынын Индаур шаарындагы 34-жаштагы тургундан аныкталды. Белгилүү болгондой, коронавирустун оор формасы менен ал бир жарым ай бою ооруп, өпкөсүнүн 90 пайызы жабыркаган. Ага карабастан ал илдетти жеңген болчу. Бирок, ооруканадан чыгып үйүнө барганы, ал өзүн кайрадан жаман сезе баштаган. Бейтаптын мурду канап, дене табы көтөрүлгөн. Дарыгерлер алгач аны мукормикоз («кара» көк дат) илдетине чалдыкты деп божомолдошкон. Себеби, ковиддин кесепетинен көптөгөн оорулуулардан мукормикоз аныкталып жаткан болчу (эске салсак, Индияда мукормикоздон 2 миңден ашуун адам каза тапкан). Бирок, бейтаптын дартынын айрым белгилеринен айырма болгондуктан, дарыгерлер так диагноз коюу үчүн аны кайрадан текшерүүдөн өткөрүүнү туура көрүшкөн. Натыйжада андан «жашыл» көк дат дарты тастыкталган.

Адистердин айтымында, коронавирустун оор түрү менен жабыркаган бейтаптардан көп учурда көк дат дарты аныкталып калат. Өзгөчө жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппаратка жаткандардын, же гормоналдык терапия алгандардын иммунитеттери кескин түшүп кетип, көк датка кабылган учурлар арбын кездеше баштады.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!