"Эркин-Тоо"

Коронавирус («Омикрон») жугуп калган учурда эмне кылуу керек?

Ковид же анын жаңы «омикрон» — штаммы жугуп калган учурда үй шартында кантип дарылануу керек? 

  • Илдеттин белгилери байкалган учурда  үйдө болуп, мүмкүнчүлүккө жараша үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн өзүнчө бөлмөгө обочолонуу зарыл.
  • Эгерде дене табыңыз 38 градустан ашпаса, анда аны түшүрүүнүн кажети жок. Бир күндө 2 литрге чейин суюктук  (С витамини менен суу, чай) ичүү керек. Ошондой эле С витамин ичип турса болот (эгерде ден соолукка байланыштуу каршы көрсөтмөлөр жок болсо, чоңдор үчүн суткасына жок дегенде 1 -1,5 гр суюктук ичүү керектелет).

Бейтаптын дене табы жогорулап кеткенде: 

  • парацетамол (шам түрүндө, таблетка, сироп) – суткасына 1 гр кем эмес (дары гепатотоксиндүү!, б.а. боор оорулары менен жабыркагандарга колдонууга болбойт);
  • сезгенүүгө каршы нестероиддик каражаттар, мисалы ибупрофен (ачкарын ичүүгө болбойт), эрозия, ашказан, 12 эли ичегинин жарасында этияттап колдонуу керек. Бул бейтаптарга кечкисин алдын алуу катары дене табын түшүрүүчү дарылар менен бирге эң аз дозада омепразол, же эзомпразол ичүү сунушталат.

Өнөкөт бөйрөк жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар болгон адамдарга ибупрофен жана башка нестероиддик сезгенүүгө каршы каражаттарын колдонууга болбойт;

  • Эгерде аллергияңыз жок болсо, аспирин сунушталат
  • Эскертуу! Аспирин 18 жашка чейинки балдарга кескин түрдө болбойт. Каршы көрсөтмөлөрүн сөзсүз окуңуздар!

Тамак сезгенип ооруган учурда:

Тамакты чайкоо зарыл, ага (эгер аллергия жок болсо) антисептик касиети бар чөптөрдү (мисалы, шалфей, эвкалипт ж.б.), ооруну басаңдатуучу каражаттарды камтыган таблеткаларды, спрейлерди (аннотациясын окуңуздар) колдонууга болот.

Мурун бүткөндө:

— суткасына эки-үч жолу мурун тамырларын ичкертүүчү касиети бар тамчылатмаларды тамызуу керек;

— табигый деңиз туз (же сууга аш тузун аз өлчөмдө эзип), же болбосо физиологиялык аралашма менен чайкасаңыз болот;

— мурунду тазалап, кылдаттык менен чайкап, жууш керек.

Бул мурундагы басымдын жогорулашын,  кулактын сезгенүүсүн (отит) алдын алат. Узакка созулган сасык тумоо да кулактын сезгенишине алып келиши мүмкүн. Андыктан мурунду кургак кармоо керек. Процедурадан кийин колду жууп, антисептик менен тазалоо керек.

Жөтөлдө:

— Жөтөлгөн адамга чалкасынан жатпоо сунушталат (көмкөрөсүнөн жатканы оң);

— Какырык чыгаруучу дарыларды ичүү керек. Мисалы, ацетилцистеин – АЦЦ (бронхалык астмада, өнөкөт ашказан жана он эки эли ичегинин жарасында,  14 жашка чейинки балдарга жана өспүрүмдөргө каршы көрсөтүлгөн) амброксол, бромгексин ж.б.). Каршы көрсөтмөлөрүн окуңуздар!

Балдарга какырык чыгаруучу дарыларды – дарыгердин сунушу менен гана берүү керек!

Уйку бузулса жана депрессияда:

— Уктатуучу дарыларды же антидепрассанттарды дарыгердин дайындоосу боюнча колдонуу.

Коштолгон оорулар болсо (жүрөк-кан тамыр оорулары, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу, бронхалык астма, кант диабети ж.б.) – дайындалган дарылар менен дарыланууну улантуу.

Маанилүү! Суюктукту көп ичүү (дененин салмагына 1 кг – 30 мл). Таттуу газдалган сууну (кола, фанта) ичпөө. Диурезди (заара) көзөмөлдөө, суюктуктун көлөмүнүн көбөйүшү сатурацияны начарлатышы мүмкүн.

Эскертүү! Майлуу жана күчтүү тамактарды жебей туруу зарыл.

Бөлмөнү тез-тез желдетүү (күнүнө 2-3 ирет) керек, бөлмөнүн температурасы 18тен 20 градуска чейин, бөлмөнүн нымдуулугу 50-70% болгону дурус.

Эс алуу зарыл.

Өз алдынча беш күндүн аралыгына чейин дарыланууга болот, оорунун белгилери сакталса жана демигүү пайда болгон учурда дарыгерге кайрылуу зарыл.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!