Коронавируска каршы эмдөө албаган 2 бейтап каза болду

28-сентябрь, 2021-ж. / Редакция / Медицина 18

Өткөн суткада Кыргызстанда 58 адамдан коронавирус аныкталып, 93 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 30;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 14;
  • Ош облусу – 2;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 10.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 178 375ке жетти. Анын ичинен 173 005и дартты жеңген.

Бир сутка ичинде коронавирус эки адамдын өмүрүн алды. Штабдын маалыматы боюнча, көз жумган эки бейтап коронавируска каршы вакцина алган эмес. Жалпысынан 2 604 киши коронавирустун курмандыгы болду.

Азыркы тапта стационарда 476, ал эми амбулатордук шартта 811 адамдын дарыланып жатканы айтылды.

28-сентябрь, 2021-ж. / Редакция / Медицина 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X