Кыргызстанда акыры бир күндө 2 миң 130 адам коронавируска каршы эмделгенин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Ошону менен өлкө боюнча жалпы 20 миң 458 адам эмделсе, анын ичинен 606сы вакцинанын экинчи дозасын алган. Алар вакцинанын терс таасирлерин байкашкан эмес.