"Эркин-Тоо"

Коронавируска каршы вакцина алгандан кийинки негизги эрежелер кандай?

Пульмонолог Сергей Пурясев Sputnik маалымат булагына берген маегинде, жарандардын коронавируска каршы вакцина алгандан кийинки негизги эрежелер тууралуу айтты.

Пурясевдин айтуусу боюнча, жай мезгилинде эмделгендер күнгө күйбөш шарт.

«Жайкысын ачык асман алдында күнгө какталуунун вакцина албаган учурда деле зыяны көп. Мындан тери бир топ жабыркайт. Ал эми эмделген адамдар күнгө көпкө туруп калса, аллергия болушу мүмкүн», — деди дарыгер.

Эмдөөдөн кийн адамдын организминде антителолор иштелип жаткан учурлар өтө маанилүү. Бул биринчи дозадан кийинки үч апта, экинчи дозадан кийинки эки апталык убакыт.

«Андыктан эс алууга барууну пландап жатсаңыз, вакцинаны эртерээк алууга аракет кылуу керек. Андай мүмкүнчүлүк болбой, эмделери менен жөнөп кетсе күнгө көп чыкпоо зарыл. Эгер көлгө барса, жээкте күндүз 10-11ге чейин болуп, кечкичин саат 18.00дөн кийин чыккан туура. Күн ысыкта вакцина алган кийин адам жанына аллергияга каршы дармектерди алып жүрүүсү зарыл «, — дейт Пурясев.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!