Коронавирустун британ штаммын кантип аныктаса болот?
Коронавирустун дүйнөгө кеңири жайылган британ штаммы алгачкы штаммдардан бир катар белгилери менен айырмаланат.
Улуу Британиянын окумуштууларынын билдирүүсүндө, британ штаммына кабылгандар көбүнчө булчуң эттердин катуу ооруксунганын айтышат. Булчуң менен чогуу сөөктөр да сыздап ооруп, бейтап алсырап, айрым учурда бут терисинде ыйлаакчалар пайда болот. Илдетке кабылгандардын көбү ушул симптомдорго маани бербей калышы мүмкүн. Айрым окумуштуулар коронавирустун британ штаммына кабылган бейтаптардын угуусу начарлашы мүмкүн дешет. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, британ штаммына кабылгандардын абалы өтө тездик менен начарлап, симптомдор кыска убакыттын ичинде билине баштайт.
Башка жагынан бул штаммдын белгилери вирустун баштапкы түрүнө окшош. Мисалы, дене таптын көтөрүлүшү (39 градустан жогору, же стабилдүү түрдө 37-37,2 градус болуп кармалышы), кургак жөтөл, тамак кычышып, баш ооруп, жыт жана даам сезүү жоголот.